Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Беназир Бхуттонун өлүмү боюнча эл аралык комиссия түзүлөт


Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун өлүмүн иликтөө үчүн чукул арада эл аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун Исламабадда иш сапары маалында билдирди. Оппозициячыл партиянын лидери, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Беназир Бхутто 2007-жылы декабрда жанкечтинин жардыруусунан набыт болгон. Баш катчы ошондой эле эки күн мурда Пакистандын түндүгүндө уурдалып кеткен БУУнун жогорку даражалуу өкүлүн бошотуу үчүн Исламабад бардык мүмкүнчүлүктү колдоноруна үмүт артты. БУУнун баш катчысы Исламабадга Кабулдан келди. Ооганстанда Пан Ки Мун президент Хамид Карзай менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу тууралуу сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG