Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Депутат «Мээрим» корунун мүлкүнө ким ээлик кылып жатканына кызыкты


"Мээрим" корунун каражаты кимге таандык?” - деп бүгүн парламентте социал-демократтар фракциясынан депутат Ирина Карамушкина суроо көтөрдү. Депутат айым ЖКдагы президенттин жана өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрүнө кайрылып, убагында М.Акаева жетектеген “Мээрим” корунун каражаты азыр кимге тийиштүү болуп жаткандыгы тууралуу коомчулукка ачык маалымат берүүнү сурады. “Ысык-Көлдө кургак учук жана онкологиялык дарты бар балдар үчүн курулган “Алтын балалык” комплекси азыр эс алуу үйүнө айланып, андагы баалуу аппараттар пайдаланылбай жатат”- деп нааразыланды И.Карамушкина. Анын айтымында, 2004-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Н.Танаев кайрымдуулук балында М.Акаевага балдар үчүн деп 2 миллион сом тапшырган. Депутат “Өлкөнүн жана демөөрчүлөр эсебинен каржыланып тургузулган комплекстер эмне үчүн балдар кызыкчылыгында колдонулбай жатат?” деп суроо коет. (EK)

XS
SM
MD
LG