Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Акылдан акча


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Американын “Манас” аба майданындагы аскер базасынын айланасындагы акыркы окуялар тууралуу жазып чыгышты.

Буга карата чет өлкөлүк ММКлардын жазгандарын алгачкылардан болуп “Лица” гезити сунуш кылды. Маселен The los Angeles Times гезити кыргыз президенти К. Бакиев өз өлкөсүндөгү аскер базаны Вашингтон Ооганстанды күчтөндүргөнү жаткан учурда жабууга ниет кылууда, ал Д. Медведов менен биргелешип, журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөн учурда Вашингтон аба майданын арендага алгандыгы үчүн АКШ төлөө акысын көтөргөндөн баш тартканын, ошондой эле кыргызстандык орус Ивановдун өлүмүнө Америка тарабынан чара көрүлбөгөндүгүн бетке кармады деп жазды.

Американын дагы бир The Washington Post гезити, Кыргызстандын бул кадамы Ооганстанды күчтөндүрүүнү көздөп аткан АКШнын пландарына оңбогондой эле терс таасирин тийгизет, сыягы К. Бакиев өлкөсүнүн экономикалык оор абалда калганынан улам ушуга барды. АКШ “Манас” аба майданындагы аскер базасы үчүн Кыргызстанга жыл сайын 150 млн. доллар берип келген, анын 63 миллион доллары аренда акысына төлөнүп турган деп кабарлады. Швейцариялык Neue Zuercher Zeitung басылмасы муну: “Экономикалык оор абалда калып, кыйын күндөрдө турган мурдагы советтик бир республика геосаясый өңүттөн алганда Кремлге өзгөчө кымбат белек тартуулады” деп мүнөздөдү. Анын айтуусунда, кыргыз бийлигинин мындай чечими америкалыктар үчүн олуттуу сокку болду. Анткени “Манастан” ажыроо деген Борбор Азиядагы акыркы аскер базадан ажыроо дегендикке жатат. Маскөө болсо бул чөлкөмдөгү таасирин улам күчөтүү мүмкүнчүлүгүн эч качан колдон чыгарбай тургандыгын көрсөттү. Кремлдин жардамы эң ириде К. Бакиевге өз өлкөсүнүн ичиндеги “бошоп” турган саясый ал-абалын бекемдөө үчүн зарыл болучу. Анын үстүнө Кыргызстандын саясаты башкалардыкына караганда өзүнчө “климаттык” өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Катуу сууктун айынан тартыш болуп аткан электр энергия, улам кымбаттаган газ, элдин нааразылыгы. Ошондой болсо да жалгыз эле орусиянын акчасы менен Бакиев саясаттагы ордун биротоло оңдоп алат деп айтуу кыйын. Бирок ал өз каршылаштарынын башы бирикпей келаткан бытырандылыгын жана кыргыз саясатынын көнүмүш саткындыгын билет деп баяндайт басылма.

“Жаңырык апта” гезити Кыргызстандын бул соңку кадамын “кытайлашууга” кылып жаткан аракет катары баалады. Гезиттин жазганы боюнча Кыргызстандын кытайдагы элчиси Кадырбек Сарбаев ТИМди жетектеп, Кытай өлкөсү боюнча адис, Үзөңгү-Куушту кытайга өткөрүүгө зор салым кошкон Муратбек Иманалиев президент К. Бакиевге кеңешчи болуп калды. Ошентип буга чейин канча жолу АКШнын аскер базасын чыгарам деп Орусияга убада берип сөз өтөсүнө чыкпай келаткан К. Бакиев Американын ишеничинен кеткен болучу. Эми ал үчүнчү жактан таяныч издеп, Кытайга ыктаганы турат. Баса “жаш, таза кадрлар келди” деп шаңдангандар үчүн “эскертүү”, азыркы бийлик таза жаштарды да бузат, анткени бийлик башынан “оорукчан” деп билдирди.

“Айат пресс” гезити 24kg маалымат агенттигинен алынган ой-пикирлердин топтомун көчүрүп жарыялады.

Т. Тургуналиев, саясатчы: - Мен АКШынын авиабазасынын Кыргызстандан чыгарылышына караманча каршымын. Буга чейин “Манас” менен Канттагы эки державанын авиабазалары биздин геосаясаттагы теңсалмакты сактап келсе, эми ал бузулду. Теңсалмакты сакташ үчүн Орусяиынын аскер базасын да чыгаруу керек.

Н. Мотуев, саясатчы:- АКШнын аскер базасын чыгаргандыгы үчүн эми К. Бакиевдин популярдуулугу өсөт.

Ю. Погребняк, көз карандысыз эксперт: - Кыргызстандын президенти же Орусияга, же Америкага ыкташы керек болчу. Бакиевдин мындай чечими өтө маанилүү кадам.

Б. Бешимов, ЖК депутаты: - Мындай чечим өлкөбүзгө жакшылык алып келбейт. Биз азыр эки тоонун эрменин эңсеген эчкиге окшоп турабыз. Эксперттер “Бакиев бул чечимге Орусиянын кысымы алдында барды” дегендерине карабастан Дмитрий Медведов “Манас авиабазасы жөнүндөгү маселе - Кыргызстандын өзүнүн ички маселеси” деп, маселени өз саясатынан оолактатып жатат.

Л. Бондарец, аскер эксперти: - Мындай чечимден кийин К. Бакиевде эми артка кайта турган кадам калбай калды. Эгер ал бул чечиминен айный турган болсо, башка өлкөлөрдүн президенттери аны менен эч качан сүйлөшпөйт.

А. Бекназаров, саясатчы: - Бизге демократия институттары аркылуу АКШнын көмөгү эми күчөйт. Мынча болду эми Канттагы Орусиянын аскер базасы да чыгарылууга тийиш. Биз да Түркмөнстан сыяктуу тыягына да, быягына да ообогон мамилени карманышыбыз керек.

А. Князев, саясат иликтөөчү:- Азырынча К. Бакиевдин авибазаны Кыргызстандан чыгаруу тууралуу Маскөөдө айткандары али суроо бойдон. Себеби, Кыргызстандын ТИМи АКШнын биздеги элчилиги менен маңдай-тескей олтуруп, эл аралык келишимдеги нормалардын алкагындагы маселелерди чече элек.

“Учур” гезити бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баарына жарыяланган “Эрегиштен эр өлөт” аттуу Кыргыз эл баатырлары Т. Усубалиев, С. Эралиев, С. Жусуев, М. Мамакеев баштаган мамлекеттин жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин президент К. Бакиевге кайрылуусуна калктын көңүлүн бурду. Анда азыркы бийлик менен оппозициянын тирешинде өлкөнүн күч органдарынын ыплас жолдорго барып жаткандыгы белгиленет. Ушул жагдай жалпы кыргыз элинин ар-намысына тийип жатканы айтылат. Оппозиция лидерлери Ө.Текебаев, А. Жекшенкулов, И. Исаков ж.б. козголуп жаткан кылмыш иштери менен кысымдар бийликтин “ашкере” жактоочулары тарабынан жигиттиктен кеткен, булганч жолдор менен коштолуп жаткандыгы көрсөтүлөт. Мына ушул көрүнүштөр жалпы кыргыз элинин нааразылыгын күчөтөрү баяндалат. Президент К. Бакиевге кайрылган аксакалдар бийликти да, оппозицияны да тез арада бир үстөлдүн тегерегине олтуруп, бардык маселени сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырат.

Ушуга улай эле К. Бакиевге, Э. Сатыбалдиевге, М. Коңгантиевге, М. Суталиновго багышталган дагы бир кайрылуу Ош облусунан келип түшкөн. Ж. Турганбаев, Б. Жумабаев, Г. Ормонова, Ж. Маккамбаев башында турган 50 адам кол койгон катта да жогорудагы саясый куугунтук тууралуу сөз жүрөт. Мындай куугун-сүргүн эч качан жакшылыкка алып келбестиги, тескерисинче элдин кыжырын келтирип, бийликтин кадырын кетирерин кеп кылат. Ошону менен бирге эле Кыргыз мамлекети бир ууч күч органдары менен атка минерлерден турбастыгын, мамлекеттин булагы элдин өзү экендигин, эгер бул жаман саясат ушул бойдон улана бере турган болсо ага каршы элдик күрөш жүргүзүлө тургандыгы, кыргыз эли өзүнүн кайгы-муңу менен проблемаларын моюндарына башын байлап чыккан уул-кыздарын бийликтин “тегирменине” жөн эле салып бербей тургандыгы эскертилет.

Баяндамабыздын окурмандарына кошумча маалымат бере кетели. Биз жогоруда сөз кылган “Лица” гезитинен мына ушул кайрылуу менен орус тилинде да таанышып, экс-премьер-министр А. Атамбаевдин “Бакиевдин айланасындагылар аны аңга түртүп баратат” деген интервьюсун, саясатчы Ишенбай Кадырбековдун аткаминерлер Д. Үсөнов менен А. Мадумаровдун тандеми туурасындагы өзгөчө ойлорун, “Айат пресс” гезитинен баяндамачы Жыргалбек Касаболотовдун “Кыргызстандагы саясый экстремизмдин актуалдуулугу” деген орус тилдүү макаласын, “Кабар” агенттигинин деректири Нарын Айып менен саясатчы Өмүрбек Текебаевдин чай үстүндөгү алым сабагын, “Учур” гезитенен ЖК депутаттары Бакыт Иманалиев менен Бакыт Бешимовдун интервьюларын, “Жаңырык апта” гезитинен “Кумга сиңген Кумтөр”,”Жолдогу жосунусуз жоруктар”, “Менчик күркөлөрдүн ээлери Акүйдүн алдында өрттөнүп өлөбүз дешет” деген ж.б. макалаларды сунуш кылышты.
XS
SM
MD
LG