Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Иракта жергиликтүү шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланганы жатат


Шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн жарыяланары күтүлүүдө. Өлкөдөгү 18 провинциянын 14үндө жергиликтүү шайлоо өткөн ишембиде болгон. Шайлоонун бейрасмий жыйынтыгына караганда, премьер-министри Нури ал-Малики баштаган коалиция 14 провинциянын 10нунда биринчи орунга чыккан. Эгер божомолдор ырасталса, бул шайлоодо чоң жоготууга учураган саясий күч – Ирак ислам жогорку кеңеши болот. Ал - шииттердин Иран менен тыгыз алакада турган эң ири партиясы.

XS
SM
MD
LG