Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Сомалилик каракчылар Украинанын кемесинен кетишти


Кабарларга караганда, алар танкттар жана башка курал-жарак жүктөлгөн кемени кун төлөнгөндөн кийин бошотушкан. Советтик өндүрштөгү Т- 72 танкасынан 33тү жана башка курал жаракты тартып бара жаткан "Фаина" экипаждын 20 мүчөсү менен былтыр сентябрда туткундалган эле. Батыш кабар агенттиктеринин ортомчулар менен каракчылардын лидерлерине шилтеме берип билдиришкенине караганда, кеме анын ээлери тарабынан 3,2 миллион доллар төлөнгөн соң бошотулган.

Бирок украин президенти Виктор Ющенконун кеңсеси бул окуя боюнча башкача билдирүү жасады. Билдирүүдө кеме Украинанын атайын кызматтары тартылган "өтө оор операциянын аркасында" шаршемби күнү (4-февраль) бошотулганы айтылат.

XS
SM
MD
LG