Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Кыргызстан аба базасы боюнча АКШ менен сүйлөшүүнү али улантууда


Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында премьер-министр Игорь Чудинов билдирди. Америкалык база жабыларын президент Курманбек Бакиев шейшемби күнү кечинде Орусиядан жарыялаган болчу. Анын алдында эки өлкө Орусиянын Кыргызстанга 2 миллиард доллардык насыя, 150 миллион доллар кайтарымсыз жардам берүүсүн караган келишимге кол койгон.

Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүнкү маалымат жыйынында белгилегендей, өкмөттүн базаны чыгаруу жөнүндөгү чечими Орусия буга чейин болуп көрбөгөн каржылык жардам көргөзүүсү менен байланыштуу эмес, бирок премьер-министр мында "дал келген учурлар" бар экенин моюнга алды.

Америкалык базанын Кыргызстанда туруусу боюнча Вашингтон менен Бишкектин ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну караган мыйзам бүгүн Жогорку Кеңештин кароосуна түштү. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Мырза Капаров бүгүн парламентке ал мыйзамды шашылбастан комитеттерде, үч фракцияда талкуулоону сунуш кылды.

"Манастагы" аба база АКШнын Ооганстандагы операциялары үчүн чечүүчү мааниге ээ. Пентагон АКШ күчтөрү базаны колдонууну уланта аларына үмүттөнүү билдирди.

XS
SM
MD
LG