Алгач депутаттар 78 добуш менен Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя берүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтү жетишкен келишимди, андан кийин Кыргызстандын 193 миллион доллар карызын “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясына алмашуу, калган бөлүгүн кечүү жөнүндө келишимди 84 добуш менен ратификациялашты. Депутаттар андан кийин Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу келишимди ратификациялашты. Ошону менен үч келишим ратификацияланды. Каржы министри Марат Султановдун маалымдоосуна караганда, 150 миллион доллар гранттык жардам жөнүндө келишим парламенттин кароосуна кийинчерээк коюлат.(AiT)