Мындай пикирин Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы Адахан Мадумаров бүгүн билдирди. Бул чечимдин кабыл алынышына Кыргызстандын жарандарынын жана саясий партиялардын пикирлери да себеп болгонун кошумчалады. А. Мадумаров АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын чыгаруу күнү тактала электигин, кыргыз өкмөтү базаны жайгаштыруу боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча парламентке кайрылгандан кийин 180 күн өтүшү керектигин айтты. (EBM)