Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

А.Жекшенкулов: Камбар-Ата маселесинде суроолор көп


“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун, ага насыя алуунун шарттары коомчулукта кеңири талкууланып, пайда болгон суроолорго жооп берилиш керек эле. Андан сырткары ГЭСти куруу боюнча долбоор даяр боло элек. Ошондуктан 1 миллиард 700 миллион доллардын келиш-келбеши күмөндүү. Оппозициялык саясатчы ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстандын тагдырын чечүүчү обьект катары баалап, анын директорлор кеңешинде орус тараптан үч, кыргыз тараптан эки киши болушун улуттук кызыкчылыкты уттуруу катары баалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG