Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Д. Нур уулу: Оппозицияга кол сунууга даярбыз


Мамлекттик катчы Досбол Нур уулу бүгүн белгилүү коомдук ишмер аксакалдар - Турдакун Усубалиев, Мамбет Мамакеева, Ишенбай Абдуразаков, Миталип Мамытов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиева жана Карыбек Молдобаевдер менен жолукту. Ага президенттин администрация башчысы Данияр Үсөнов, баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев да катышты. Жолугушууда негизинен бул талкуунун катышуучуларынын президентке жолдогон кайрылуусу талкууланды. Кайрылууда өлкөдөгү чыңала баштаган коомдук-саясий абалга тынчсыздануу билдирилип, кээ бир оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышы тууралуу сөз болгон эле. Досбол Нур уулу кыргыз бийлиги саясий көз карашына карабай ар бир кишинини пикирин угууга даяр экенин дагы бир ирээт баса белгиледи. Баш прокурор айрым оппозиция лидерлерине каршы козголгон кылмыш иштердин чоо-жайын айтып берди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG