Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Укук коргоочу Шералы Назаркуловдун өлгөнүнө 7 жыл болду


Маркум Шералы Назаркулов 2002-жылы Үзөңгү кууштун Кытайга берилишине жана саясатчы Азимбек Бекназаровдун жазыксыз камалышына нааразылык билдирип жыйырма күндөн ашуун саясий ачкачылык жарыялап, 7-февралда ачкалыктан көз жумган. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Ш.Назаркулов Кыргызстанда эгемендүүлүктү, адилеттүүлүктү, демократияны орнотуу үчүн өз жанын аябаган кыргыздын патриот уулдарынан болгон. Ал ошондой эле Ш.Назаркуловдун үй-бүлөсү каржылык шартынын оордугунан улам учурда Орусияга жумуш иштеп кетүүгө аргасыз мажбур болгонун белгиледи. Укук коргоочу Шералы Назаркулов көзү өткөндөн кийин 2007-жылы “Эрдик” медалы менен сыйланган. Ал жөнүндө Алмаз Эркебай уулу “Шералы Назаркуловдун оптимисттик трагедиясы” деген китеп жазган. Ш.Назаркулов атындагы кор түзүлгөн.(AJ)

XS
SM
MD
LG