Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Ө.Абдырахманов:“Манас” абабазасынын чыгарылышы АКШ үчүн трагедия эмес


Бул тууралуу учурда Америка Кошмо Штаттарында жашап жаткан саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, АКШнын маалымат каражаттары Манастагы аскерий аба базасынын чыгарылышы жөнүндө дүрбөлөң деле салышкан жок. Анын баамында, АКШ бийлиги аскерий базанын чыгарылышын мурдатан эле күткөн, бирок кыргыз бийлиги Москвадан тез арада мындай чечим кабыл аларын күткөн эмес. Өмүрбек Абдырахманов 1999-жылы август айында Ооганстандан ӨИКнын куралчан тобу келип кол салганда кыргыздын отузга чукул аскери окко учуп, жыйырмадан ашууну жарадар болуп кый-сыпыр түшкөндү бийлик унутпашы керектигин белгиледи. “ АКШ Манас аба майданына аскерий абабазасын жайгаштыруу менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун, демократияны сактап калууга көмөк көрсөттү. Ал жердеги аскерий базаны чыгаруу тууралуу бийликтин Москвадан билдирген чечими Орусияга көз каранды болууну шарттап, эл аралык мамиледе кыргыз бийлигинин тышкы саясаттан тайкы экендигин көрсөттү”,-дейт Абдырахманов. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахам Мадумаров база боюнча кыргыз бийлиги туура саясий чечим кабыл алганын кечээ маалымат жыйынында билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG