Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

АКШ: Сенат каржылык куткаруу планында мунасага жетишти


Беш күнгө созулган соодалашуудан соң демократтар менен республикачылар кризистен чыгуунун 780 миллиард долларлык планын колдоого макулдашышты.

Сенаттагы Демократ көпчүлүгүнүн жетекчиси Хэрри Рейд план колго салынганда, аны кабыл алуу үчүн 60 добуш керектигин жана палатадагы 58 демократка жетиштүү санда республикачылар кошулат деген ишенимин билдирди.

Президент Обама "кризис өтө тездик менен тереңдеп бараткандыгын, Сенат ишти артка созо берсе, катастрофа" болоорун эскерткен эле. Сенаттагы деморкаттардын мунасасы тууралуу ушундан кийин, кечээ кечинде жарыяланды.

Мунун алдында АКШда январ айында 600 миң киши ишсиз калгандыгы жарыяланган. Бул 1974-жылдан берки эң начар көрсөткүч жумушка жарамдуу калктын 7,6 пайызы ишсиз экендигин айгинелейт. Ушуга байланыштуу Обама: "Кырдаал мындан да олуттуу болушу мүмкүн эмес. Бул сандар чукул аракетти талап кылат. Конгресске тез аракеттенүүгө мезгил келди",- деп айткан.

Көптөгөн республикачылар жана демократтар салыктарды дагы кыскартууга чакырып, куткаруу планында дароо жумуш орундары түзүлүшүн кепилдебеген программалар көп экендигин сынга алышкан. Сенаттагы республикачыл азчылыктын жетекчиси Мич МакКоннел бул план кризисти токтото албайт деген пикирде:

- Бул план иштиктүү, максаттуу жана убактылуу болушу керек эле. Анын ордуна бизге бирөөлөрдүн сүймөнчүктүү долбоорлорун жана өкмөттүн кеңейтилишин сунуш этип жатышат. Муну америкалыктар түшүнүп жатат.

Бул чаралар боюнча талкуу бүгүн да уланууда, ал эртең, же дүйшөмбүдө колго салынат деп күтүлүүдө. Эгер азыркы план өтүп кетсе, мыйзамгерлер анда көрсөтүлгөн сумма менен Өкүлдөр палатасы өткөн аптада бир да республикачынын колдоосу жок жактырган 819 миллиард доллардык пландын ортосундагы айырмачылыктарды жоюшу керек болот.

XS
SM
MD
LG