Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

АКШ базасынын маселеси ЖКнын координациялык кеңешинде каралган жок


Жогорку Кеңештен алынган маалыматка караганда Координациялык кеңеш маселени бардык комитеттер, фракциялар карап, чечим чыгаргандан кийин карайт. АКШ базасы боюнча өкмөттүн бир жактуу чечимин кароону бүгүн Коопсуздук комитети баштайт.
Координациялык кеңеш 12-13-февралда сессияда карала турган маселелерди аныктады. Алардын катарында “Улуттук Банк жөнүндөгү”, “Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү” мыйзамдар бар. Ошондой эле Конституциялык Сот төрайымынын отчетун угуу да болжолдонду. Мындан тышкары өкмөттүн өкүлү Мырза Капаров келерки жумада кароого сессияга тогуз мыйзам долбоорун сунуш кылды. Координациялык кеңеш келерки жумада өкмөттүк күн өткөрүү чечимин чыгарды. Ал эми 23-февралдан баштап депутаттар шайлоочулар менен иштемей болушту. (BuS)

XS
SM
MD
LG