Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

М. Конгантиев: базарлардагы абалды жөнгө салуу зарыл


7-февралда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жыйын куруп, аталган министрликтин январь айында жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Баардык бөлүм башчыларды президенттин милиция кызматкерлердин алдына койгон талаптарын так жана туура аткарууга милдеттендирди. Министр жыйындын жүрүшүндө айрым бөлүмдөрдөгү кемчиликтерди өзгөчө белгилеп өттү. Буюм-тайымдардын уурдалышын иликтөөнү, зордуктоо кылмышынын бетин ачууну жакшыртууну, сойкучулук жана башка коомго жат көрүнүштөр менен натыйжалуу күрөшүүнү талап кылды. Өлкөдөгү соода жайларда, базарларда тартипти сактоо, коопсуздукту камсыз кылуу маселесин баса белгиледи. Бишкектеги базарларда жана Оштун Кара-Суу базарындагы кылмыштуулукту жөнгө сала ала албаган милиция кызматкерлерин сынга алды. Ушундан улам бул жайларды жөнгө салган ИИМдин бөлүмдөрүндө кадрдык алмашуу болгонун кошумчалады. Бул туурасында ИИМден билдиришти. (EBM)

XS
SM
MD
LG