Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

АКШнын атайын өкүлү Хелбрук Пакистанга келди


Американын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрукдун Пакистанга үч күндүк сапары башталды. Ал бүгүн Исламабадда Пакистан жетекчилиги менен региондогу козголоңчуларга каршы күрөшүүнү кантип күчөтүү жолдорун талкуулайт. Өткөн дем алыш күндөрү Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып, Холбрук “АКШ үчүн Ооганстанда стабилдүүлүккө жетишүү, Ирактагыга караганда, алда канча татаал болот” деп айтты. Ал, ошондой эле, бул жаатта региондогу бүт мамлекеттердин, өзгөчө, Пакистандын жардамы керек деп билдирген.

XS
SM
MD
LG