Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

АКШнын “Биринчи тайэнеси”, же улуу муундун небере үчүн таасын ролу


Мариан Робинсон Обаманы шайлоо өнөктүгү маалында колдоодо
Мариан Робинсон Обаманы шайлоо өнөктүгү маалында колдоодо

Көпчүлүк өлкөлөрдө улуу муун менен жаш муундун өкүлдөрүнүн бир чатыр астында жашашы – нормалдуу көрүнүш. Ата-энеси күнү бою жумушта болгон үй-бүлөлөрдө тайэненин ролу өзгөчө экендиги шексиз. “Американын Биринчи тайэнеси” – АКШнын биринчи айымы Мишел Обаманын энеси, 71 жаштагы Мариан Робинсон – мунун эң айырмалуу мисалы.

Ант берүү аземи АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын үй-бүлөсү үчүн бир топ өзгөрүүлөрдү алып келди. Бирок жаңы кырдаал бир гана нерсени өзгөртө алган жок – Мишел айымдын энесинин, президенттин кыздарынын тайэнесинин ролу мурдагыдай эле бул үй-бүлөдө өзгөчө.

Обаманын ант берүү аземинде ачык кызыл түстөгү моюн орогон жоолук салынган, президенттин эки кызынын жанынан бир кадамга да жылбай, ууртунан жылмайуу кетпеген аял – Мишел Обаманын энеси, 71 жаштагы Мариан Робинсон. Эми ал “Американын Биринчи тайэнеси” деген ат менен таанымал болуп калды.

Мурда банкта иштеген Робинсон айым Обаманын президенттик шайлоо өнөктүгү маалында эки небереси - 10 жаштагы Малиа жана 7 жаштагы Сашага каралашуу үчүн иштен чыккан. Робинсон айымдын Чикагодогу жупуну чакан үйү эки кыз үчүн өз үйү болуп калды.

Жергиликтүү гезиттердин кабарлашынча, Робинсон айым Мишел жана Барак Обаманын ата-энелик милдеттерин тайэне катары жакшы аткарып жатты: ал кыздарды мектепке убагында жеткирип, сабак даярдаганга жардамдашып, курсактарын тойгузуп, дегеле бардык өзгөрүүлөргө аларды даярдап жатты.

Робинсон айымга Мишел Обаманын “кыздар кечки саат 8 жарымда укташы керек жана пайдалуу гана азыктар менен тамактанышы керек” деген эрежелерин так аткаруу өтө оор болду. Азганактай интервьюларынын биринде Робинсон айым неберелерин өзгөчө эркелеткенди жакшы көргөн эскичил көз караштагы тайэне экенин мойнуна алган.

Декабрда Обаманын үй-бүлөсү Чикагодогу үйүндө чогулуп, Робинсонду Вашингтонго алар менен көчүп барууга эптеп көндүрүштү. Робинсон айым макул болгон маалда ал да Ак үйгө барабы, же Ак Үйгө жакыныраак бир үйдө жашайбы деген суроо келип чыкты.

Кийинчирээк Робинсон айым журналисттерге үй-бүлөсүн жакшы көрөрүн, бирок ошол эле маалда өз үйүндө да жашагысы келерин айткан. “Ак үй музейди элестетет. Сиз музейде уктай алар белеңиз?” дейт Робинсон айым. Бирок буга карабастан, Робинсон айымдын өз неберелери үчүн тынчсыздануусу анын Ак үйгө көчүп барууга макулдук берүүсүнө түрткү болду.

Президенттердин жеке тиричилиги, купуя турмушу тууралуу бир нече китептин автору, тарыхчы Даг Виддин (Doug Wead) айтымында, Мариан Робинсондун Обаманын үй-бүлөсү менен чогуу жашашы – анын эки кызынын тарбиясына жагымдуу таасир тийгизет. Себеби Обама көбүнесе мамлекеттин иши менен, ал эми Мишел Обама биринчи айымдын милдеттери менен алек болот:

- Менимче, бул мыкты бир иш болду, анткени балдар аларды эркелетип сүйүүгө, ырааттуу тарбиялоого, так түзүлүшкө жана тартипке муктаж. Менин оюмча, даражага караганда, ырааттуулук алда канча маанилүүрөөк. Албетте, президент да, Биринчи айым да алардын жана кыздарынын жашоосу мурдагыдай эле нукта өтүшүн каалашат. Бирок турмуш мурдагыдай кала бербеси да анык.

Президент Барак Обама улуу муундун кичинекей баланын турмушунда ойногон ролу тууралуу өз тагдыры аркылуу жакшы билет. Обама балалык чагын тайата жана тайэнесинин жанында өткөргөн. Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенде, Обаманын тайэнеси дүйнө салган. 86 жаштагы Мэдлин Данхэмдин өлүмү - Обама үчүн чоң трагедия болгон.

Тарыхчы Вид Мишел айымдын энесинин өз неберелеринин турмушунда аткарып жаткан ролу тууралуу буларды айтат:

- Президентти тайэне жана тайатасы тарбиялаган, андыктан ал өз балдарынын жашоосунда тайэненин кудурети жана наркы тууралуу жакшы билет. Обама Ак үйдө өз үй-бүлөсүн колдоосуна жана жардамына муктаж болоорун да билет. Ошондуктан, менимче, бул абдан жакшы жана өтө зарыл болгон мамилелер.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө үй-бүлөдө бир нече муун өкүлдөрүнүн чогуу жашашы – салттуу көрүнүш. Улуу муун жана жаш муун бир үйдө жашап, үй-бүлөнүн баалуулуктары сакталып келет.

Бирок АКШда эки муун өкүлдөрүнүн чогуу жашашы – көпчүлүк үй-бүлөлөрдө кайрадан калыбына келе баштаган, дээрлик унутулган көрүнүш. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2007-жылы 3 миллион 600 миң ата-эне өзүнүн бой жетип калган балдары менен бир үйдө жашаганы аныкталган. 2000-жылы бул көрсөткүч 67 пайызга төмөн болчу.

Донна Баттс (Donna Butts) – “Муундар бирикмеси” тобунун жетекчиси. Анын айтымында, тайэне Мариан Робинсон америкалык үй-бүлөлөр үчүн өрнөк боло алат:

- Биздин оюбузча, Робинсон үлгү боло алат. Ал башкалардын көңүлүн тайэне, тайата, чоңэне, чоңаталар үй-бүлөдө олуттуу рол ойной алат, аларды четке чыгарып салууга болбойт деген маселеге көңүл бурдурат. Менимче, эми көптөгөн үй-бүлөлөр бул өрнөктөн улам улуу муундун өкүлдөрүнүн өз неберелерин тарбиялоо менен тыгыз алектенүүсү жаатында кайра ойлонуп, шыктануу менен ушул нукка түшмөкчү.

Донна Баттс айымдын жана анын тарапкелеринин айтымында, чоңата, чоңэне, тайэне, тайатанын тарбиясын көргөн бала эрезеге толгондо турмушунда олуттуу ийгиликтерге жете алат.

Айтмакчы, англичандар, орустар жана башка бир катар элдер неберелердин ата-энелеринин ата-энесин “чоңата” – таята”, “чоңэне-тайэне” деп бөлүп отурбайт, алар үчүн баары тең гана “чоңата” жана “чоңэне” болуп макамы жана аталышы жагынан бирдей кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG