Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Нарын шаарынын 2009-жылдагы бюджети коомчулукта талкууланды


Нарын шаарынын тургундарынын катышуусундагы коомдук талкуу Нарын облустук Муратбек Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында болуп өттү. Анда 2009-жылга шаар бюджетинин долбоору 83 миллион 978,3 миң сом деп болжолдонгондугу айтылды. Бул сумма өткөн жылдагыдан 32,7 пайызга көп мерчемделгендикти билдирет. Нарын шаар тургундары таза сууга, жашылдандырууга, китепканаларга, спорттук шаймандарга, парктарды калыбына келтирүүгө каржаттар өтө аз санда каралганын сынга алышты. Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов бюджет тартыштыгын улам айрым жумуштарды шаар калкы өздүк салымда аткаруу керектигин белгиледи. Анткени болжолдонгон бюджеттин 30 пайызы, же болбосо 22 миллион сому Нарын шаарынын салыктык жана салыктык эмес каражаттарынан чогултулат. (KUs)

XS
SM
MD
LG