Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Иран ыңкылабы: мурдагы каныша жана анын мурдагы касы болгон режиссер


Жакында эле Ирандын акыркы шахынын жубайы Фарах Пехлеви (Farah Pahlavi) айым жөнүндө «Каныша жана мен» деген жаңы даректүү тасма тартылды. Иранда мурдагы каныша Фарах Пехлеви хан сарайда бакыбат турмушка балкып, анын жашоосу тим эле жомоктогудай болчу. Тасманын режиссеру Нахид Перссон (Nahid Persson) айымдын ата-энеси болсо карапайым ишчилерден болчу, ал өзү 1979-жылы шахка каршы ыңкылапка катышкан. Ар башка тагдырга ээ бул эки мекендеш айым отуз жылдан кийин жолугушуп, экөөнүн ортосунда карама-каршы пикирлер гана эмес, окшош көз караштар да бар экенине ынанышты.

“Каныша жана мен” – бул ыңкылап жана сурак доорунан жаралган даректүү тасма.

Бир нече жыл мурда Нахид Перссон мекени Иранга барган маалда камакка алынып, бир нече саат бою сурак берген. Бийликтер анын кайра Ирандан чыгып кетүүсүнө бөгөт койгон.

Иран бийлиги Швецияда иштеген режиссер Перссон айымдын буга чейин тарткан ирандык эки сойкунун жашоосун чагылдырган даректүү тасмасына нааразы болгон. Алар Перссон айымга карата түрдүү айыптарды коюшкан жана аны коркутуп-үркүтүшкөн.

Айласы кеткен соң, алар режиссерду басмырлап “тагути” деп аташты. Бул сөз Ирандагы 1979-жылкы ыңкылаптан кийин мурдагы шахтын режими менен байланышта болгон адамдарга карата айтылган басмырлаган сөз.

- Мына ушул нерсе ыңкылапка катышкан, “Шахка өлүм!”, “Хомейниге даңк!” деген ураан чакырган мени терең ойго салды. Эми карасаң! Сиз бийликке алып келгендер, сиз “Кош келдиңиз” деп тосуп алгандар эми өзүңүзгө коркунуч жаратууда. Ушундан улам мен Фарах Пехлеви айым жана анын үй-бүлөсү Ирандан чыгып кеткенден кийин жашоосу кандай болгонун билишим керек деп калдым.

Перссонго кайра Швецияга кетүүгө уруксат берилгенден кийин ал ишине кайтып келди. Бир нече айдан кийин ал издеп жүргөн мурдагы канышага жолукту.

- Бул абдан таң калычтуу көрүнүш болду: өз доорунда Пехлеви айым Ирандын канышасы болчу, мен ага каршы чыккандардын биринен элем. Бирок акыры эми биз жолугуштук – мен анын жылмаюусуна кабылсам, ал менин кызыгуу сезимиме туш келди.

Мурдагы шахтын жесири Фарах Пехлеви
Ирандын мурдагы канышасы Фарах Пехлеви – сүрөтчү жана билим адамдарды ырааттуу колдоого алгандыгы үчүн дурус белгилүү. “Азаттык” үналгысына берген маегинде Пехлеви айым Перссондун буга чейин тарткан даректүү тасмалары көңүлүнө жакканы үчүн жана ага мекендеш катары боор толгоп, анын даректүү тасмасына тартылууга макул болгонун айтты.

Бирок баары тез эле башталып кеткен жок. Оболу эки айым тең бири-бирине карата кооптонуу сезиминин кучагында болушту.

Мурдагы каныша буларды айтат:

- “Эмне үчүн мен жаш кезинде меникинен башкача саясий көз карашта болгон адам менен сүйлөшпөшүм керек?” деп ойлоп калдым. Эң башкысы – биз ирандыкпыз, биз Ирандын келечеги жөнүндө ойлошубуз керек.

Ал эми “эмне үчүн апам канышадай жеңил турмушта жашай албайт?” деген суроо менен өскөн режиссер Перссон айым болсо Пехлеви айым менен өткөргөн убакыт жүрөк чордонунда калганын айтат. Бирок Перссон айым шахтын режими маалында адам укуктары одоно бузулганын эч унутпайт. Даректүү тасмада да Перссон шахтын режиминен кордук көргөн адам менен маек курган.

“Каныша жана мен” аттуу тасманы көргөндөрдүн айрымдары бул фильм мурдагы канышага боор тарткан маанайда тартылып калган деген пикирлерин билдиришкен. Чынында да, канышаны көркөм өнөр жана маданиятка кошкон жана азыркыга чейин кошуп жаткан салымдары үчүн ушул күнгө чейин көптөгөн ирандыктар урматташат.

Иран ыңкылабы, 1979-жыл
Тасмада жесир канышанын өз күйөөсү – мурдагы шахтын Египеттеги (Мысыр) көрүстөнүнө куран окууга барганы, анын күнүмдүк турмуш-тиричилиги, маселен, кантип өзүнө кофе даярдап жатканы сыяктуу аки-чүкүсүнөн бери чагылдырылат.

Пехлеви айымдын айтымында, анын жана режиссердун бир катар ойлору орток болуп чыккан:

- Мен үчүн бул даректүү тасманын эң кызыктуу жагы – такыр башкача саясий турумда болгон жана саясий пикирлери кайчы чыккан эки башка киши бирге отуруп, бири-бири менен баарлашканы болду. Тасмада биз атайын расмий шартта жолукпайбыз. Жөн гана бири-бирибизге өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз тууралуу айтып, маек кура беребиз.

Бул маектештер ушул тапта Ирандагы жашоо-турмуш шахтын режими маалындагыга салыштырмалуу кыйла начарлап кетти деп санашат. Учурда экөөнүн тең “душманы орток болуп калганын” режиссер Перссон айым мындайча белгилейт:

- Ыңкылап жеңиши буга татыктуу болбогондордун колуна тийди. Эми Иранды ушундай ажайып өлкөгө татыксыз адамдар башкарууда. Азыр айрым кишилер бардык көйгөйлөрүнө карабастан эски эле режим сакталып калса болмок эле деп ойлойт. Бирок мен муну айта албайм. Себеби ыңкылапка катышканым үчүн өкүнбөйм. Себеби биз ал кез үчүн туура чечим кабыл алганбыз. Бирок эгерде биз, бардык ирандыктар, ошондогу ыңкылап кандай натыйжага алып келерин билгенде, таптакыр башкача чараларды көрмөкпүз.

Ал эми мурдагы каныша болсо жалпы мекендештер мурдагы ыйкы-тыйкыларды унутуп, Ирандын жаркын болочогу үчүн биргелешип иштеши керек деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG