Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

"Хьюман Райтс Уотч" Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады


Анда Орусияга акча табуу үчүн келген чет элдиктердин көбү эмгеги үчүн акы алууда такай дискриминацияга кабылары айтылат. Чет элдик жумушчулар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан да кысмактоого тушугушат.

"Хьюман Райтс Уочт" орус өкмөтүн кырдаалды оңдоо үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды. Укук коргоочулардын пикиринде, экономикалык кризистин шарттарында эмгек мигранттарынын абалы буга чейинкиден да татаалдануусу мүмкүн. Уюмдун маалыматтарына караганда, Орусияда 9 миллиондой чет элдик иштейт, алардын 40% курулушта эмгектенишет. "Хьюман Райтс Уотчтун" баяндамасында негизги көңүл ушул чөйрөдө иштеген мигранттардын абалына бурулган.

XS
SM
MD
LG