Соңку маалыматтарга караганда Ликуд жана Кадима партиялары өз жеңиштери тууралуу жарыя кылышты. Кадима партиясынын лидери Ципи Ливни Нетаньяхуну Кадима жетектеген улуттук биримдик өкмөтүнө кошулууга үндөдү. Өз кезегинде Нетаньяху жеңишке үмүтүн билдирген:
Көптөгөн адамдар кескин өзгөрүүлөрдү тилешет. Алар бүгүн ошондой өзгөрүүлөрдү тандашат деп ойлойм. Жаңы жолду эңсеген адамдар мага жана Ликуд партиясына ишеним көргөзүшөт, Ликудга добуш беришет деп ойлойм.
Талдоочулардын айтымында, коалициялык өкмөт курууда Авигдор Либерман башкарган улутчул партиянын ролу чоң болмокчу.