Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Орусиянын “Внешэкономбанкы” Кыргызстанга кириши мүмкүн


Россиянын тышкы экономикалык соода банкы ликвидациядагы кыргыз банктарынын бирин сатып алып, 1,7 млрд доллар көлөмүндөгү россиялык кредитти тейлөөсү мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Игорь Чудинов маалымдаган. Анын айтымында, Орусиянын жетекчилиги мындай сунуш менен кыргыз делегациясынын Москвага жасаган иш-сапар учурунда кайрылышкан. Кыргыз өкмөтү мунун алкагында банктарды кайра түзүү жана карыздарды кечүү боюнча агенттикте ликвидацияда турган беш банктын бирин ылайык көрүүлдө. Кыргызстанда азыркы учурда ликивидацияланган беш банк иш алып барат. Алар: "Адилбанк", "Курулушбанк", "КыргызАгропромБанк", "КыргызДыйканбанк" жана "Меркюри" банкы. Ушул тапта Кыргызстанда бир дагы Россиянын банкы өз ишмердүүлүгүн жүргүзө элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG