АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер жарыялаган программага ылайык, банктарга жалпысынан 1,5 триллион доллар жардам көргөзүлөт. Ал эми Сенат кабыл алган планда каралган чараларды кошкондо жардам 2 триллион доллардан ашып кетүүсү мүмкүн.
Каралган негизги чаралардын бири боюнча АКШда Улуттук банк катары эсептелген Федералдык резерв системасы кредиттердин берилишин стимулдаштыруу боюнча программасын кеңейтип, ал үчүн 1 триллион доллар жумшайт. Мындай программа Жорж Буштун тушунда эле түзүлүп, 200 миллиард доллар бөлүү каралган, бирок ишке кире элек болчу.
Ал эми 500 миллиард доллар банк системасын жана башка насыя берүүчүлөрдү "проблемалуу же жаман" карыздардардан арылтуу үчүн сарпталат.
Бул чаралардын максаты, эгер алар ийгилик тапса, элге жана ишкерлерге кредиттердин берилүү агымын мурдагы нукка салуу.
Карыз берүү программаларын калыбына келтирүү экономиканы жандандыруудагы чечүүчү чара катары каралууда. Анткени керектөөчүлөрдүн чыгымдары АКШнын Улуттук дүң өндүрүшүнүн 70%ына барабар деп эсептелинет. Азыр болсо кредит алуу кыйындагандыктан атүгүл төлөөгө жөндөмдүү америкалыктар үчүн да үй, машина, башка буюм-теримдеди сатуу алууда насыя табуу татаалдашып кетти. Мындай кырдаал өз кезегинде өндүрүшчүлөр менен дүкөндөрдүн баш ооруусуна айланды.
АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер жаңы программа тууралуу жарыялап жаткан сөзүндө буларды белгиледи:
- Биздин милдет – бул программаларды жанданууну (экономикалык) колдоо жагынан мүмкүн болушунча пайда тапкыдай, ал эми салык төлөөчүнүн чөнтөгүнөн мүмкүн болушуча аз акча кеткидей долбоорлоо. Биз бул милдеттемебизге абдан олуттуулук менен мамиле кылабыз. Бирок мен чынчыл болушум керек. Бул стратегия акчаны талап кылат, тобокелчилик да бар жана убакыт керек. Бирок бул аракеттердин чыгымы канчалык кымбат турбасын, биз каржы системабыздын толук кыйроосунун чыгымын үй-бүлөр, ишкерлер жана өлкө үчүн эсептөөгө болбой турганын билебиз.
Бул аралыкта Сенат президент Барак Обаманын экономиканы стимулдаштыру боюна планын кабыл алды. Документти 61 сенатор колдоду, 37си каршы чыкты.
Наркы 838 миллиард долларга эсептелген план жаңы жумушчу орундарын түзүүнү, керектөөчүлөрдүн сарптоолору көбөйүшү үчүн элге салык жеңилдиктерин берүүнү карайт.
Бирок план Сенаттагы кызуу талкуулардан кийин мурда Конгресстин Эл өкүлдөр платасында кабыл алынган долбоордон кыйла өзгөртүлдү. Эми эки палатанын өкүлдөрү документ боюнча өз ара мунса табышы керек, андан соң президенттин кол коюсуна жиберилет. План Эл өкүлдөр жыйынында добушка салынганда аны республикачылардын бири да колдогон эмес. Сенаттан болсо республикачылардын үчөөсү гана колдоду, анткен менен алар документтин акыркы үлгүсүнө кошумча чыгымдар киргизиле турган болсо добуштарын кайра артка аларын эскертишти.
Ал эми президент Обама экономикалык программасына коомчулуктун колдоосун алуу максатында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Дүйшөмбү күнү ал Индиана штатынын Элхарт деген өнөр-жайлуу шаарынын тургундары менен жолуккан. Бул жерде жумушсуздуктун деңгээли акыркы бир жылда 5%дан 15%га көтөрүлгөн экен.
Кечээ Обама ипотекалык кризистен жана турак-жай баасынын арзандашынан катуу жабыр тарткан Флорида штатынын Форт Майерс шаарынын калкы менен кездешти. Эл аны Сенат экономиканы стимулдаштыруу паланын жаңы эле кабыл алганын айтканда, шатыра-шатман кол чабуулар менен коштоду.
Сөзүндө Обама өзүнүн саясий келечегин экономикалык программаларынын натыйжасына байланыштырды. Эгер алар иштебесе, өлкө төрт жылдан кийин жаңы президентке ээ болорун жашырган жок.
Айтор Обаманын пландарына эл үмүт артып жатканы менен каржы базарлары азырынча ишенкиребей тургандай. Кечээ АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер сүйлөгөндөн бир сааттан кийин эле Уолл-Стриттин негизги биржалык индекстеринин бири - Доу-Жонс 4,6%га төмөндөдү. Бул 1-декабрдан бери бир күндүн ичиндеги эң ири төмөндөө.