Үгүттөө коллегиясынын 1926-жылдын 11-февралында чыгарган чечимине ылайык, Кыргыз Автономиялык областында басма сөз комитетин уюштуруу зарылчылыгы белгиленген. Коллегия чыгарган чечимге караганда, жаңы комитет басмаканалардын жана басылмалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салып, анын өндүрүшүн көзөмөлгө алып, чыгармаларды текшерүүгө зор салым кошмок. Мындан тышкары, басма сөз комитети гезит-журналдардын таратылышын тейлеш жагдайы белгиленген.
Советтик Кыргызстандын эмгекчилери И. В. Сталиндин Фрунзе шаардык Кеңешине депутаттыкка талапкердигин көрсөтүшүн зор ынтызарлык менен кабыл алгандыгы туурасындагы маалымат 1953-жылдын 11-февралында маалымат каражаттарында жарыяланган. Коммунисттик партия жетекчиси менен бирге шаардык кеңешке анын шакирттери Молотов, Маленков, Берия жана Булганиндердин талапкердигин коюшу советтик демократиянын жемиштүү үлгүсү катары бааланган.
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн Бишкек шаарында өткөн кезектеги өкмөт аралык жыйынында, Борбордук Азиядагы суу жана энергетика тармагына байланышкан маселелер талкууланган. Казакстан вице-премьер министри Ахмеджан Есимов, «Кыргызстан мурда кабыл алынган чечимдерди жана келишилген милдеттемелерди толук сактабай жатат», деп айыптаган. Анын айтымында, Кыргызстан Токтогул ГЭСиндеги сууну кыш мезгилинде агытып, коңшу мамлекеттердин аймактарына суу басуу коркунучу жаралган. Анын пикирин Өзбестан вице-премьер министри Өткир Султанов коштоп, Кыргызстан кыш мезгилинде аккан суу көлөмүн азайтбай жаткандыгын белгилеген. Кыргызстан вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов, коңшу өлкөлөрдүн кинесин четке кагып, калктын кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон муктаждыгына карабастан, Токтогул ГЭСинен чыккан суу 500 куб. метрге азайтылгандыгын билдирген.
Кыргызстанстандын 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында, айтылуу коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаев 11-февраль күнү дүйнөдөн кайткан. Ал № 74 Жети-Өгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер катары катталган. Убагында ал Кыргызстан коммунисттик партиясын жетектеп, 1993-1995-жж. аралыгында вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин «Буудай» мамлекеттик ишканасын жетектеген.
«МСН» гезитинин 2005-жылдын 11-февраль күнкү санына президент Аскар Акаевдин жаңы үйү туурасында маалымат жарыяланган. Гезиттин 1-барагына жаңы үйдүн сүрөтү тартылып, негизги макалада мамлекет башчысынын сансыз мүлкү кабарланган. Макала 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында жарык көрүп, коомчулукка ал бомба жарылгандай таасир тийгизген. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев гезиттеги маалыматы президентти каралоо аракети катары баалаган. Анткен менен Фридом Хаус уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Майк Стоун макала Кыргызстан коомчулугун жарып жиберди, деген оюн билдирген.
11-февраль - Бүткүл дүйнөлүк сыркоолордун күнү катары белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк сыркоолордун күнү 1992-жылдын 13-майында Иоанн Павел II тарабынан киргизилген.
Иран Ислам Республиксы бүгүн Улуттук майрам эсептелген Революция күнүн белгилейт. Улуттук майрам 1979-жылкы шахтык бийликтин кулатылыш урматына киргизилген.
11-февраль Япония мамлекетинин негизделиш күнү деп эсептелинет. Чоң энелерин күн кудайы Аматэрасуга байланыштырган Дзимму аттуу адам Ямато мамлекетин басып алып, такка отурган.Кюсю аралынан чыккан Дзимму Тэңир Кудайы титулун алып, Япониядагы ушул убакка чейин башкарып келе жаткан династияны негиздеген. Ушундан улам бул күн япон мамлекетинин негизделиш күнү катары саналып калган.
Айтылуу Петр I 1697-жылдын бул күнү Россияда тамеки сатууга уруксат берген. Петр I 1720-жылдын 11-февраль күнкү көрсөтмөсүнө ылайык кеме куруу верфинде эмгектенген Ефим Никонов суу алдында сүзө турган кемени курууга киришкен. Кеме душмандын флотуна жашынып кол салуу максатын көздөгөн. Мындан бир жыл өтпөй кеменин адегендеги үлгүсү биринчи сыноодон ийгиликтүү өткөн. Суу алдында сүзүүчү кеменин өзү болсо 1724-жылы курулуп бүткөн. Анткен менен өз маалы үчүн новатордук идея Петр I өлгөндөн кийин тез эле унутулган.
Америкалык Роберт Фултон 1809-жылдын 11-февралында пароходду патенттеген.
Айтылуу жазуучу Николай Гоголь 1809-жылдын бул күнү «Өлүк жандар» романынын экинчи томунун кол жазмасын отко ыргыткан экен.
Улуу Британиянын Метеорологиялык кызматынын биринчи жолку ар апталык аба божомолу 1878-жылдын 11-февраль күнү жарыяланган.
Япониянын тарыхындагы биринчи парламент 1889-жылдын 11-февралында түзүлгөн.
Владимир Лениндин эмгек чыйыры 1892-жылдын 11-февралында Самарадагы присяжной өкүлүнүн жардамчылык кызматынан башталган.
Иудей дининин символу эсептелген жети жылдыздуу менора 1949-жылдын 11-февралында Израиль мамлекетинин герби катары кабыл алынган. Меноранын жети бутагы акыл жана жети күндөгү дүйнөнүн жаралышын түшүндүрөт. Ал эми анын ортосу болсо ишемби күнкү дем алыш күндү билдирет.
Биринчи жолу бардык расалар менен этникалык бирикмелерди бир-хомо сапиенс тобуна бириктирген айтылуу англис врачы жана этнологу Джеймс Причард 1786-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген.
Атактуу америкалык ойлоп табуучу жана индустриалзацияны негиздөөчүлөрдүн бири - Томас Алва Эдисон 1847-жылдын 11-февраль күнү жарык дүйнөгө келген. Томас Эдисон он жашка чыкканда эле өзүнүн чыгармачыл лабораториясын үйдүн подвалына курган экен. Айтылуу ойлоп табуучу 1882-жылы Нью-Йорк шаарынна электр жарыгын берчү коммерциялык станция ачкан. Анын ойлоп табуучулук менен электр өнөр жайын индустриалаштырууга кошкон салымы Кошмо Штаттар менен дүйнө коомчулугунда жогору бааланган. Томас Алва Эдисон 1930-жылы СССР Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк ардактуу мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн.