Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Социал-демократтар жакын арада Конституциялык сотко кайрылышат


Анда кезектеги президенттик шайлоону быйылкы жылы күз мезгилинде өткөрүүнү тактап берүү өтүнүчү коюлат. Анткени азыркы президент мурунку Конституция менен шайланган. Ал Конституция боюнча президенттик шайлоо быйыл күзүндө болууга тийиш. Бул тууралуу социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, партия учурда Конституциялык сотко жолдоно турган арызды даярдоонун үстүндө иштеп жатат. Шайлоо күзгө белгиленсе социал-демократтар өз талапкери менен чыгууга даярдык көрүшөт. Азыркы президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайлоого катышууга ниетин ачыктап, шайлоо мөөнөтүн Конституциялык сот аныктаарын 11-февралда маалымат жыйынында билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG