Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Мутант бийлик


Айрым гезиттер ММК өкүлдөрү менен президент Курманбек Бакиевдин кечээ күнкү өткөргөн жыйыны тууралуу жазып чыгууга үлгүрүштү.

“Учур” гезити саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоевдин “Өнөбүзбү же өлөбүзбү?” деген макаласын жарыялай баштады. Уландысы кийинки сандарга калтырылган макаласында автор “2005-жылдын 24-мартында чындап эле революция болду беле?” деген суроого жооп берет, башкаруунун авторитардык режиминин тушунда кандай өзгөрүүлөр болорунун 6 себебин ачып көрсөткөн жана мамлекеттин ал-абалын, саясый тутумун, идеологиясын, ошондой эле бийлик малайлары экендиги жөнүндө кенен кеп кылган. Ж. Турдукожев мырза макаласынын алгачкы бөлүгүн аяктап баратып: “Өзүбүздүн экономиканы гүлдөткөнгө кудуреттүү жарым миллиондон ашуун улан-кыздарыбыз башка мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүү үчүн иштеп, жүз миңдеген кары-картаңдар менен пенсионерлерибиз калган-каткан өмүрлөрүн токчулукта эмес, жокчулукта өткөрүп, өспүрүмдөрүбүз окуу, билим алгандын ордуна тентип, азып-тозуп, балалыгын базарларда өткөрүп жүрсө каяктагы экономика? ...Бузук, мутант бийлик тутуму элге, өлкөгө, адилеттикке, мыйзамга кызмат кылат деп күтсө болобу?” деп суроо койгон.

Гезиттен мындан тышкары Үсөн Сыдыков менен Данияр Үсөновдун диктофонго жазылып алынган алым сабагын, Азимбек Бекназаровдун “Оппозициянын оозу күйгөн, бийликке алданбайт” аттуу маектешүүсүн, баяндамачы Манас Осмондун “Тизилгиле” деген макаласын окууга болот. Ал: “Жашырганда не, мисалы Ошто саясый кырдаал абдан оор. Бир улутту басмырлап, жектеп, уруп-согуп, жүрөгүндөгү отун өчүрүүгө болбойт. Ошто “хулигандык көрүнүштөр” өтпөйт азыр. Ашкере куралданган мекендештердин 70 пайызы Түштүктө. Ош маселесин кезегинде Үсөн Сыдыков бүтүрө албай кайра күчөткөн. Биздин бийлик тазалоо деп Садыркуловду кетирип, Данияр Үсөновду дайындоону түшүнот экен. ТИМди тазалагандай тазалаш керек эле. Бирок буга ажонун алы жетпейт окшойт” деп жазды.

“Айат пресс” гезити: “ БЭКтин өкүлдөрү президент менен жолугушууну көздөп жатыптыр деген сөздүн канчалык чындыгы бар?” деп суроо салды.

А. Бекназаров, БЭКтин штаб башчысы: - Мындай маалыматтын баары калп, биз президент менен эч кандай жолугушууну көздөгөн жокпуз.

Б. Ааматов, коомдук ишмер: - Оппозициясы да, бийлиги да өлкө үчүн иштеп аткан жери жок. Алар жолуккан күндө да эч нерсе чыкпайт. А. Акаев жана анын айланасындагылар 15 жылда жасаган коррупцияны азыркы бийлик ачыкка алып чыккан жок. Кумтөр, Үзөңгү-Кууш, Аксыда атлыган балдар эч нерсе болгон жок. Конституцияны бузгандар жооп берген жок. Булар болгону бири-биринен бийлик талашкандар.

Ө. Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын башчысы: - Муну Азимбек Бекназаров чечти. БЭКтин өкүлдөрү президент эмес бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, өз аргументтерин келтирип, ич ара маселелерди чечүүгө умтулууда.

М. Абылкасымова, Кыргыз эл акыны: - ботом долу катындай болбой, эки жак ушинтип ынтымакка келсе кана.

К. Акматов, жазуучу: - Сүйлошүүгө барганы жакшы.

Гезитке ошондой эле ЖК төрага орунбасары А. Турсунбаев жана ЖК депутаты Р. Тагаевдин интервьюлары басылды. Азиз Турсунбаев гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып “Ак жол” партиясынын башчысы Курманбек Бакиевге эки жолу кирип сүйлөшүп:”Фракцияны уюштуруу иштерин башкага өткөрөйүн, эгер уруксат берсеңиз вице-спикерликти түшүмдүү иштеп берейин” деп түшүндүрсөм макулдугун берди. Ал эми жаңгак чатагы, Мадумаров өч алып атыптыр, “Ак жол” ич ара урушуп атат” деген сөздөр суу кечпейт” деген жооп айтты. Гезит баяндамачы Ж. Касаболотовдун “Террорчулукка каршы коалициялык авиабазанын Бишкектеги жабылышынын айрым аспектилери” деген макаласын орус тилинде басты. Автор аталган авибазанын жабылышы келечекте Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептейт. Эгер Оооганстандагы террорчулукка каршы жүргүзүлүп келаткан операциянын ойрону чыкса бул өлкө толугу менен “Талибандардын” колуна өтөт. Ошондо дал ушул кыймыл менен өзөктөш “Аль-Каида”, Өзбекстан Ислам Кыймылы жана ага жакын диний экстремисттик кыймылдар дароо өз ишмердигин күчөтөт. Албетте бул Кыргызстанга да коркунуч келтирет. Автор макаласынын этегинде Канттагы орус аскер базасынын ролу тууралуу да баяндап өтөт.

“Лица” гезити “Президент “Лица” гезитинин суроосуна жооп берди. Ал экинчи мөөнөткө бармай болду” деген ат менен президент Курманбек Бакиевдин жообун басты. Окурмандарыбыздын эсине, мамлекет башчысынын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен өткөргөн кечээги жыйынынан алгач маалымат берүүгө үлгүргөн ушул гезит болгондугун да сала кетели. Гезиттен ошондой эле укук коргоочу Азиза Абдрасулованын Кыргызстандагы адам укуктары туурасында айткандары, К. Бакиевдин улутка карата кайрылуусуна өз көз карашын билдирген Бахтияр Эркимбаевдин “Кыргызстанды сактап калууга болот” деген макаласын окуй аласыздар.

“Жаңырык апта” гезити М. Садыркулов Бишкек шаар башчылыгына келгени жатса буга Мадумаров – Үсөнов тобу каршы болуп жатыптыр, кимиси жеңерин жакында билебиз деп, ал эми Н. Түлеев Нарынга губернатор болот экен деген сөз бар, ал ортодо экс-депутат Рахатбек Ирсалиев да Нарын губернаторлугуна кудаланып жатыптыр деп, ал эми Ө.Субаналиев Ош облус губернаторлугна олтуруп, Аалы Карашев Жалал-Абадка жылат экен деп, ушул иретУТРК башчысы М.Эшимкановго да кезек жетип, кызматынан ыргышы мүмкүн. Бирок анын ордуна Н. Шакиев эмес башка бирөо барат окшоп калды, Н. Шакиев болсо токой жакты сурап жатыптыр деген имиштерди таратканга үлгүрдү.

Гезит ошону менен бирге эле “Туризмдеги Турсубектин кезектеги шоусу же 6,5 млн. сом элдин энчиси эсепсиз чачылабы?”, “Күнкорлугубуз качан калат?”, “Келечек муунду ойлогон жан барбы?”, “жетимдердин атын жамынып бизнес кылгандар бар”, “Томскиде томсоруп калганбыз” деген ж.б. макалалалрды жарыялады.
XS
SM
MD
LG