Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

А.Мусаев: Реформа тууралуу сөз кылбай ишке өтүш керек


“Буга чейин Билим берүү системасынын өнүгүшүнүн концепциясы, билим берүүнүн стратегиясы кабыл алынган. Чын-чынына келгенде булардын баары жетишээрлик жакшы стратегиялык пландар. Эми ушуларды билек түрө ишке ашырууга киришүү зарыл. Кечке эле реформа тууралуу сөз кыла бербей ишке өтүш керек.” – дейт жаңы дайындалган билим министри Абдылда Мусаев. Анткен менен жаңы министр билим берүү системасында чечүүчү түйүндүү 3-4 маселе бар экендигин “Азаттыкка” билдирди. “Рынок шарты, система өзгөргөнү менен Билим берүү системасы тилекке каршы консервативдүү болуп атат. Учурдун талабына дал келген адистерди даярдай албай атабыз. Экинчи маселе - окуунун сапатын көтөрүү керек. Үчүнчүдөн, коррупцияны жою абзел”, - дейт министр. "Азаттык плюстун" да көчө сурамжылоосунда, студенттер билим берүүдөгү эң башкы көйгөй деп коррупцияны аташты. Абдылда Мусаев кечээ Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Буга чейин ал Бишкек гуманитардык университетин жетектеп келген. (EK)

XS
SM
MD
LG