Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Казакстан президентинин Ысык-Көлдөгү санаториясы төрт жылдыздуу эс алуу борбор болуп курулат


Көл жээктен 17,5 гектар жерди ээлеген “Казакстан” санаториясы эми 4 жылдыздуу эс алуу борборго айланат. Ал үчүн 69 млн. доллар тегерегинде курулуш долбоору жергиликтүү бийликке сунушталды. Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Д.Моңолдоровдун айтуусунда, Казакстандын мурунку президенти Кунаевдин жашаган үйү гана музей катары калтырылып, калган корпустар кайра жаңы үлгүдө курулат. Ага жергиликтүү элден 80% жумушка тартылат. Казак президентинин иш башкармалыгынын 4 жылдыздуу эс алуу борбору 2010-жылы пайдаланууга берилет. Ага чейин кыргыз өкмөтү жер салыгын 4 эседен -1 эсеге төмөндөтүү боюнча атайын токтом чыгарды. Мындай жеңилдик инвесторлорду качырып ийбөө гана максатын көздөйт. (RB)

XS
SM
MD
LG