Ички иштер министрлиги бүгүн таркаткан маалыматка ылайык кайгуул күзөт башкармасынын тартип сакчылары өзбекстандык Хасанов аттуу адамды колго түшүрдү. Ал Бишкекте убактылуу жашап жүргөн. Хасанов чыр-чатактын айынан Кочкор-Ата шаарынын жашоочусун бычактаган. Андан жабыр тарткан облус тургуну ооруканада көз жумган. Ички иштер башкармасынын өткөн жумадагы жыйынында былтыр 37 адам өлтүрүү окуясы катталып, анын төртөө ачылбаганы, денеге оор залал келтирүү көбөйгөнү айтылган. Губернатор К.Масиров милицияга Аззам Ирсалиевдин үй-бүлөсүнө кол салган 8 адамды табуу милдетин койгон. Коңшусун атып өлтүрүп, уулун жарадар кылган белгисиз адамдар Ирсалиевдин жакындарын жер төлөгө буту колун байлап таштап, качып кетишкен. Кылмышка шектүү делип Бишкектен Шухрат аттуу киши күмөндөлүп атканын облустук милиция башкармасынын башчысы Кемелбек Кыязов билдирген. (YA)