Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Конгресс Барак Обамага 789 миллиард доллар берет


АКШ-Сенаттагы демократтык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид шейшемби күнү маалымат жыйынында
АКШ-Сенаттагы демократтык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид шейшемби күнү маалымат жыйынында

Конгресс АКШ экономикасыны кризистен чыгаруу боюнча 789 миллиард долларлык планды жума, балким ишемби күнү колго салат. Бул акча демократ-президент Барак Обаманын администрациясына 3, 5 миллион адамды жумуш менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

АКШ Конгрессинин эки палатасы улуттук экономиканы кризистен чыгаруу үчүн президент Барак Обамананын администрациясына 789 миллиардык доллар бөлүүгө ынанды. Бирок мыйзам долбоору жума же ишемби күнү колго салынат деп күтүлүүдө. Өкүлдөр палатасындагы даражалуу демократтар алар каалагандан 30 миллиард доллар аз бөлүнүп жатканы үчүн оппзициядагы республикачыларга нааразы.

Үч жума мурда бийликке келген Барак Обама экономикалык «катастрофаны» дагы тереңдетпөө үчүн стимулдаштыруу боюнча мыйзамды тез бекитүүнү сурап жатты. Ал шаршемби күнү Виргиниядагы кан жолдун курулушунда болгондо экономикадагы жагдайды: «Биз каанааттандырылбаган керектөөнүн жана чала бүткөн иштердин капканындабыз» деп мүнөздөдү. Обаманын айтымында, анын планы «президент Эйзенхауэр жарым кылым мурда кан жолдордун улуттук системасын кургандан бери биринчи жолу өлкөнүн инфраструктурасына чоң инвестиция бөлөт». Же жаңы кан жолдорду, темир жолдорду, дамба-плотиналарды, көпүрөлөрдү курганга 100 миллиард доллар бөлүнөт.

789 миллиард долларлык план, демократтардын айтышынча, 4 миллиондой адамды жумуш менен камсыздоого мүмкүндүк берет. 2007-жылдын декабрында АКШда рецессия башталгандан бери 3, 5 миллиондой адам жумушун жоготкон. Экономиканы жөлөп-таяганга бөлүнчү жалпы акчанын 36 салыкты жеңилдетүүгө, 64 проценти социалдык чыгымдарга жана иш орундарын түзүүгө, анын ичинде бюджеттик таңсыктыкты баштан кечирип жаткан штаттаррга көмөктөшүү, жумушсуздук жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн каралган. Обама болсо салыкты жеңилдетүү бөлүнчү акчанын 40 проценти чегерилишин каалаган эле.

Бир ууч орточул республикачылар Обаманын стимулдаштыруу планына каралган акчанын азайтылганына ыраазы. Башка бир республикчылар, анын ичинде Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жон Бейнер бул акчалар изсиз сарпталат деп кыжаалат: «Демократтар мыйзам долбоорунда америкалык үй-бүлөлөр жана ишкерлерге салыктан алчу жеңилдикти азайтып, натуура кылышты окшойт. Алар муну менен өкмөттүн чыгымын бир кыйла көбөйтүштү».

Иш базардагы абал жөнүндө бейшемби күнү жарыяланган маалыматтар да президент Обаманын планын тез бекитүү зарылдыгын конгрессмендердин эсине дагы бир ирет салды. Соңку маалымат боюнча, 31-январга карай 5 миллионго чукул адам жумушсуздук боюнча жөлөк пул алат. Акыркы жумада жаңыдан жөлөк пул сурап, 600 миң адам кайрылган.

XS
SM
MD
LG