Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Кыргызстан: “Төө чечмей” саясаты


АКШнын "Манас" аскер базасын чыгаруу жөнүндөгү кыргыз өкмөтүнүн чечими жергиликтүү жана чет элдик басма сөздө кызуу талкууга айланды.
АКШнын "Манас" аскер базасын чыгаруу жөнүндөгү кыргыз өкмөтүнүн чечими жергиликтүү жана чет элдик басма сөздө кызуу талкууга айланды.

Жарык көргөн гезиттер өлкө ичиндеги саясый-социалдык турмуштун ар кайсыл жагдайлары жана АКШ авиабазасы тууралуу жазып жатышат.

“Кыргыз руху” гезити президентке ачык кат жолдоп, атын “Улутту ыпластыктан ким сактайт?” деп суроо коюу менен кайрылды.
“Урматтуу Кырманбек Салиевич! Азыркы бийликтин куугунтуктоосу мурдагы бийликтен ыпластыгы менен айырмаланчу болду. А түгүл ашып түштү. Элестетип көрүңүз, Акаевдин учурунда оппозиционер Куловдун, же Текебаев, же Тургуналиевдин жылаңач сүрөтү гезитке чыкканын, эгер ушундай болсо биринчи Акаевдин өзү уялмак. Себеби ал адамдын билими, тарбиясы бар эле. Курманбек Салиевич, биз сизди бирөөнүн дамбалына кызыккан киши дебейбиз, жумуртка, картөшкө көтөрүп алып, бирөөлөрдү согуп жүргөнүңүздү да көрбөпбүз. Азыр ыплас оюндар эч кандай чегара билбей, улуттун сыймыгынын түшүшүнө, нраванын талкаланышына алып келүүдө. Сиз кайрылууңузда кандай күч болбосун улут маселесине шек келтирген нерселерди токтотом дедиңиз эле. Андыктан улуттун атына көө жапкан шумдуктуу ыкмалардын жайылышына бөгөт коет деп үмүттөнөбүз” деп айтылат президент К. Бакиевге жазылган ачык катта.

“Айгай” гезити “Эларалык саясатта “чайкоочулук” аброй алып келбейт” деген макала басып, “Манас” аэропортунда жайгашкан АКШнын аскер базасынын айланасындагы окуялар тууралуу сөз кылды. Макала кыргыз жетекчилигинин бул жүрүшүн: “Курманбек Бакиев бийликке олтургандан берки эң опурталдуу учурга эми кез келди. Октябрь, ноябрдагы катар-катар митингдер, ошол учурдагы ички тирешүүлөр азыркы кырдаалдын алдында суу кечпей калат” деп мүнөздөдү.

Курманбек Бакиев Россияны тандаган түр көрсөтүп, Маскөөгө “макул” дегени менен Кыргызстанга келгенден кийин АКШ базасын чыгарууну кечеңдетип атканын, Кыргызстан “Гансини” чыгарат деген менен Тажикстан Америка менен сүйлөшө баштаганын, анткени тажиктер орустардын ГЭС курууга беребиз деген миллиарддаган “убада долларын” күтүүдөн тажаганын, анын үстүнө ар кайсыл жерге барганда ар кайсыл билдирүүлөрдү жасай берген орус саясатынан түңүлгөнүн билдирди.

Гезит андан ары кыргыз саясатчылары да Бакиев бүгүн бирди айтып, эртең башканы айта берерин эскертишип, АКШ базасы чыкпай турганын айтышууда. Ошол эле учурда экс-тышкы иштер министри А. Жекшенкулов:”ГЭС куруу боюнча долбоор даяр боло элек. Ошондуктан 1 млрд. 700 млн. доллардын келип-келбеши күмөндүү. Анын үстүнө жаңы курула турган ГЭСтин деректирлер кеңешинин орус тараптан 3, кыргыз тараптан 2 киши болушунун өзү эле улуттук кызыкчылыкты уттургандык” деп баалады.

Ушул эле маселеге арналган “Акипреss” мааламыат агенттиги жарыялаган Аркадий Дубновдун: “Жаңы соода башталаганын орустар менен кыргыздар да, америкалыктар да түшүндү. Америка Кыргызстанда калат” деген интервьюсун, АКШ коргоо министри Роберт Гейтстин:””Манас” авиабазасы мүмкүн жабылбайт” деген макаласын түшүндүрмөлөр менен жарыялады. Маселен Аркадий Дубнов орустардын мунусун:” Биз жакында эле Ташкен аркылуу чекебизге шак дей түшкөн тырмоону экинчи ирет басып алдык. Камбар-Ата ГЭСине бере турган миллиарддаган доллар акча азыр Орусиянын өзүндө жок. Өткөндө Каримовду жактап, Рахмонго каршы сүйлөгөн элек, эми Бакиевди жактап, Каримовго каршы сүйлөп олтурабыз. Кокус убада кылынгандай ГЭС куруу ойлору ишке ашып кала турган болсо анда бизге Ташкен менен мамилени кайра нөлдөн баштоого туура келет” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезитинен сиздер ырасмий маалыматтардан тышкары Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунованын “Х1Х кылымда кыргыз жигити даярдаган “Кыргыз сөздүгү” Түркиядан табылды” деп сүйүнчүлөп, анын таржымалын баяндаган макаласынын корутунду бөлүгүн, тарыхчы Аблабек Асанкановдун “Кытайлык кыргыздарга саякат” аттуу макаласын, “Ала Тоонун ак карында он алтообуз бириктик" деген редакциялык баянды ж.б. материалдарды окуй аласыздар. Аталган баянда Санта Клаус деген Кыргызстанда жашабаганы менен бул дүйнөлүк бренд экенин, ушул аркылуу соода, тейлөө тармагындагы экономиканы көтөрүүгө болору жөнүндө кеп болот.

“Агым” гезити кадрдык чекист жана чегарачы, акыркы жылдары Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары болуп иштеп туруп отставка берген Алик Орозовдун маегин басты. Орозов бүгүн кенедей армиясы бар Кыргызстанды генералдарынын саны боюнча Гиннестин китебине киргизсе болорун, бизде ар бир солдатка бирден подполковник туура келерин, мындай өлкөлөргө цивилдүү өлкөлөр банандык республика катары мамиле жасарын айтып берген. Чекист А. Орозов аягында: “Бизге 7 миң боевик эч качан кол салбайт. Биз өзүбүз чегараларыбызды жылаңачтап, Кыргызстандын түштүгү жыйрылган теридей болуп ичти карай жылып келатат. Кээбир жерлерде чегара ондогон километр ичке кирип кеткен. Бул үчүн бара-бара улутту жок кылууга алып келаткан миграция саясатын токтотуп, акыл-эстүү саясат жүргүзсө жакшы болмок. Биз качан болбосун куралдуу күчтөрүбүздү кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн, абстрактуу душманга даяр кармайбыз. Эң башкы катачылык мына ушунда” деди.

“Ачык саясат” гезити Бакиев өткөргөн журналисттер менен жолугушууга “Ачык саясат” гезити киргизилбей койгонун “Эл башчысы эки мөөнөткө аттанды” деген макаласында сөз кылды. “Гансинин тагдыры такалды” макаласында: “Кыргыз өкмөтүнүн чечимин АКШ “чымын чакканча” да көргөн жок, Америкалыктарды айдап чыккыдай ал Акаев эмес” деп жазды. "Бети жок бийлик Бекназаровго жетти”, Азимбектин уулу Эрниске Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду , Азимбек Бекназаровдун уулу мурдагы админстрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевдин күйөө баласы, азыркы вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун өкүл баласы болот” деп маалымдады.

Гезит ушул эле санына баяндамачы Э. Аттокуровдун “Борбор Азияга неге айрыкча көңүл бурулат?”, “Бүгүнкү бийлик жана оппозиция”, гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Ачык саясат” “ак каргабы?” же президент менен жолугушууга ал эмне үчүн киргизилген жок?”, юрист Ахунбай Кошоевдин “Күнкорлук” аттуу макалаларын, генерал Исмаил Исаковдун “Кабилова арманын айтып аябай ыйлаган” деген интервьюсун окурмандарга сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG