Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Б.Бешимов: Менимче “Манас” аба базасы чыгарылбайт


Бул тууралуу СДП фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов “Азаттыкка” билдирди. “Менимче база калат. Анткени америкалыктар менен орусия сүйлөшүп туруп ушундай бир чечимге келет окшойт. Бул болсо кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү парламенттин күн тартибинен чыгарылып, орусия-америка сүйлөшүүлөрү күн тартибине киргизилгендигине байланыштуу. Кыргызстан бул маселе боюнча эл аралык айдыңда өзүнүн эркин жана эгемендүү жүрүш-турушун жоготуп жаткансыйт”,-деди Башимов. Ал ошондой эле кыргыз бийлиги Орусия убада кылган акча каражатын качан берерин күтүп жатканын, эгерде орус өкмөтү 30-мартка чейин кредитке деген 300 млн. долларды бербесе соодалашууга өтөрүн кошумчалады. Бешимов Манас аба майданындагы АКШнын аскерий аба базасы менен президент Курмабек Бакиевдин экинчи мөөнөткө барам дегени бири-бири менен байланышкан маселелер экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, март айында депутаттар шайлоочулар менен жолугушканы бир айга каникулга кетишкенден кийин, Манас аба базасына байланыштуу маселе парламентте каралбай калат. (AJ)

XS
SM
MD
LG