Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Тикмечилердин патент акысы кайрадан каралат


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн жаңы Салык кодексти ишкерлер менен талкуулап жатып бул кодекс кылдат окуп чыгууна талап кылаарын билдирди. Ишкерлердин жаңы Салык кодекси боюнча айткан айрым сындарына макул эместигин айтты. Күйүүчү майлардын акциз төлөмдөрү жогорулады деген туура эмес, деп белгиледи. Ө. Бабанов Салык кодексинин айрым урунттуу учурларына токтолду. Патент менен ишкерлик кылуу жана патенттин акысын азайтуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңешке долбоор жөнөтүлгөнүн маалымдады. Ага ылайык, дагы 27 патенттин түрү киргизилмекчи. Экономикалык каатчылыкка байланыштуу тигүүчүлөрдүн патент акысы кайрадан каралат. Кыргыз өкмөтү парламент менен биргеликте ишкерлердин өтүнүчү менен ишкерликтин айрым түрлөрүнүн салыктарын азатты, деди Ө. Бабанов. (EBM)

XS
SM
MD
LG