Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Эмиссарлар маанилүү базаны сактап калуу үчүн Москвага ашыгууда


Мындай маалыматты «The Washington Times» басылмасы таратты. Анда АКШ жогорку даражалуу эки чиновнигин Москвага жөнөткөнү, алар Манас аба базасын жабуу тууралуу Кыргызстандын чечими менен Орусиянын экономикалык жардам катары берүүчү 2 млрд. долларга байланыштыгы жөнүндө маселени козгоору айтылган. Ошондой эле басылмада Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда Манас аба базасы чоң роль ойнорун белгилеп, базаны жабууга кыргыз президенти экономикалык себептерге байланыштырса, премьер-министр Ооганстанды калыбына келтирүүдө АКШнын согуштук ыкмасын жактырбагынын жазган. 3-февралда Москвада өткөн маалымат жыйынында президент Курманбек Бакиев экономикалык маселеге байланыштуу Манас аба базасын жабуу тууралуу өкмөттүн чечимин расмий жарыялап, орус президенти Дмитрий Медведев болсо бул маселеге Орусиянын эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Коопсуздук катчысы Адахан Мадумаров болсо база боюнча кыргыз бийлиги саясий чечим кабыл алганын 6-февралда маалымат жыйынында билдирген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG