Областтык бийликтин маңдайында өткөн жыйында мурда уурдалып табылган 9 автоунаа кайра ээлерине тапшырылды. Тартип сакчылардын кеңешмеси да болуп, анда областтык милициянын башчысы Кемел Кыязов айылдык жана өспүрүмдөр менен иштеген милиционердин ишине канааттанбаганын билдирди. Анын айтымында облустагы 137 аймактык бөлүм былтыр бирден гана кылмыштын бетин ачкан. 34 айылдык инспектор жетишпейт. Жалал-Абатта өз ара мушташкан эки милиционер жумуштан айдалды. Шамалдуу-Сай шаарчасында 11 жана 7 жашар кыздар зордукталган. Министрликтин өкүлү Азиз Жакыпов диний экстремизм, баңгилик, коррупция, уюшкан кылмыштуулук республикага чоң көйгөй жаратканын билдирди. Облусту беш күн текшергенде 189 окуучу мектепте эмес, мечиттерде жүргөнү аныкталды, өлкөдөгү калктын 37 процентин түзгөн окуучуларды тартипке салууга 345 инспектор жетишпейт деди ал. (YA)