Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШ Конгресси экономиканы чыңдоо долбоорун карайт


Бүгүн АКШнын Конгресси экономиканы стимулдаштыруу планы үчүн добуш берет. Президент Барак Обаманын бул долбоорун демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы жана Сенат колдойт деп күтүлүүдө. Кечээ (бейшембиде) Конгресске кайрылуусунда Улуттук чалгын кызматынын жаңы директору Дэннис Блэр дүйнөлүк экономикалык кризис АКШнын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратууда деп айтты. Обаманын өкмөтү 789 миллиард долларга бааланган план экономиканын жанданышына түрткү болуп, жаңы 3 жарым миллион иш ордун түзүүгө жардамчы болот деп үмүт кылууда.

XS
SM
MD
LG