АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын элчиси Ричард Холбрук коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн Ооганстанда жүрөт. Кечээ Кабулга келген Холбрук ишембиде президент Хамид Карзай менен жолугары күтүлүүдө. Ричард Холбрук АКШ президенти Барак Обаманын Пакистан жана Ооганстанга атайын өкүлү болуп өткөн айда дайындалган. Холбрук 1995-жылы Босниядагы согушка чекит коюуга түрткү болгон Дэйтон тынчтык келишимин түзүүчүлөрдүн бири. Холбруктун айтымында, Ооганстандагы кырдаал Ирактагы согушка караганда да алда канча татаал болууда.