Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча биринчи улуттук сурамжылоо өттү


Анын жыйынтыгында Кыргызстанда калктын 60 пайызы тамак-ашты базарлардан сатып алаары анык болду. Азык-түлүктү сатып алууда кыргыздар көбүнчө анын баасына жана сырткы көрүнүшүнө баа берип, азык-түлүктүн керектөө мөөнөтүнө, соода маркасына көп көңүл бура бербейт экен. Өлкөдө Кытай, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Украинадан импорттолгон азык-түлүк продукциясы жакшы өтөт. Кытайдан келген тамак-аштан кыргыздар көбүнчө ун, күрүч, эт, жашылча-жемиш, кургак сүттү сатып алышат. Сурамжылоодон ошондой эле соода кылууда Кыргызстанда калктын 16 пайызы гана гендик модификациядан өткөн азык-түлүк бар экендигин билишээри аныкталган. Булар тууралуу “Азык-түлүк коопсуздугу боюнча калктын маалыматын арттыруу” кампаниясынын координатору Алмаз Султанов 24. kg маалымат агенттигине билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG