Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

В. Милов: Кыргыз бийлиги үчүн баш катырчу кырдаал түзүлдү


Кыргызстан өз аймагындагы америкалык авиабазадан кол жууп, ошол эле убакта, Орусия убада кылган насыяны албай калыш ыктымалдыгы бар. Бул тууралуу орусиялык “Соладарность” уюмунун лидери Владимир Милов “Эхо Москвы” радиосундагы “Власть” берүүсүндө “эмне үчүн кыргыз тарап өлкө аймагында АКШ авиабазасын жайгаштыруу боюнча келишимди жокко чыгарууну создуктурууда?” деген суроого жооп берип жатып билдирди. Саясатчынын пикиринде кыргыз бийлиги үчүн баш катырчу кырдаал түзүлдү. Анткени Кыргызстан АКШ аба базасын өз аймагынан чыгарып кое алат. А бирок Орусия тараптан убада кылынган насыяны ала алабы - азырынча белгисиз. (EK)

XS
SM
MD
LG