Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Нарын жылуулук берүү ишканасына өткөн жылы бюджеттен 3,9 миллион сом төлөнгөн жок


Мындай маалымат Нарын шаардык мэриясы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган мекеме-уюм, ишканалардын отчетторун угуу учурунда айтылды. Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиевдин айтымында 2008-жыл үчүн ишканага жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 225 миң, республикалык бюджеттен болсо 723 миң сом төлөнгөн эмес. 1-январга карата жылуулукка элдин бересеси 16 миллион сомду түзөт. Бирок мурунку жылдарда бир жыл ичинде ишкана элден 1 миллион сом чогултуп келсе, өткөн жылы элден 5 миллион сом жыйнаганга жетишкен. (KUs)

XS
SM
MD
LG