Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Ордо кеңеш бүгүн чогулбайт


Президенттин жардыгы менен түзүлгөн ордо кеңештин алгачкы жыйыны мурда кабарлангандай бүгүн болбойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин мүчөсү Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, жыйын 18-февралда болот. Тутумуна Кыргызстандагы 45 коомдук ишмер, саясатчы, окумуштуу жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген ордо кеңештин курамы президенттин жардыгы менен 26-январда бекитилген. Аталган жардыкта кеңештин алгачкы жыйынын бир ай ичинде өткөрүү мөөнөтү белгиленген. Маалыматтарга караганда, алгачкы жыйында ордо кеңештин төрагасы шайланат жана ага президенттин мурдагы кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун талапкерлиги коюлушу мүмкүн деп саясатчылар божомолдоп жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG