Калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция боюнча Мамлекеттик комитет ушул жылдын аягына чейин кыскара турган жумушчу орундардын тизмесин түзөт. Өкмөттүн бул багыттагы планы боюнча мындай тизме жалпы байкоо салуунун негизинде топтолуп, ноябрь айында аяктайт. Аталган комитет кыскара турган жумушчу орундары менен бирге курулушта, кайра иштетүү өнөр жайында жана кызмат көрсөтүү тармагында пайда болуучу келечектүү деген адистиктердин да тизмесин тактайт. (BD)