Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

КЭРК өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча билдирүү таратты


Революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, КЭРКтин жыйыны бүгүн болуп, анда беш бөлүктөн турган чечим кабыл алынды. Чечимде Россиядан насыя алууга каршылык билдирилип, ал өлкөнүн карызын эки эсеге көбөйтөөрү, Кыргызстан суу-энергетикалык эгемендүүлүгүнөн ажырап, Москванын кол алдында калаары белгиленген. КЭРК үй-бүлөлүк башкаруу тоталитаризмге өтүп бараткан шартта адилет шайлоо болбосун, азыркы президент добуштарды бурмалоо менен жеңишин камсыз кылат деп эсептейт. Манастан АКШ базасын чыгарууга токтолгон КЭРК бул аракет эки ири державанын ортосундагы балансты бузаарын, Канттагы орус жана Манастагы АКШ базасы бир убакта чыгарылыш керектигин жактайт. Жаңы Салык кодекси элдин жакыр катмарын, айыл тургундарын ого бетер кедейликтин сазына батырат, ал эми бийлик саясий күрөштүн күчөгөн маалында саясий куугунтукту күчөтөт, оппозиция лидерлеринин ичинен өзгөчө принципалдуу позицияда турган Исмаил Исаков жана Азибек Бекназаровду жок кылуу боюнча кылмыш топторуна жана атайын кызматтарга тапшырма берилген. Эгерде аларга жана жакындарына кол салуу болсо, анда КЭРК бул ишке К.Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт. КЭРКтин бүгүн кабыл алган чечиминде мына ушундай маселелер камтылды.(AiT)

XS
SM
MD
LG