Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

К.Бакиев О.Добродеев менен сүйлөшөт


Бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Орусиянын жалпы орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башчысы Олег Добродеев менен жолугушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди. Анын айтымында, Бакиев менен Добродеев сыналгы каналдары жана башка маалымат тармактары боюнча кызматташуу тууралуу пикир алышат. Андан тышкары Улуттук биринчи телеканал менен Орусиянын биринчи телеканалынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашуулар түзүлөт деген маалымат бар. Олег Добродеев Орусиядагы коммерциялык НТВ телеканалынын түзүүчүсү. Ал “Россия” телеканалы менен мамлекеттик “Вести” телеканалынын биргелешкен редакциясын 2000-жылдын башынан бери башкарып келет. (BD)

XS
SM
MD
LG