Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

И.Өмүркулов: “Салык кодекси кайра-кайра оңдоого муктаж”


Ушул жылдан баштап күчүнө кирген Салык кодекси тиешелүү бардык мыйзамдар териштирилбей, “Ак жол” фракциясынын басымы менен шашылыш түрдө кабыл алынгандыктан тезинен кайра оңдоого мажбур кылып жатат. Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, ушундан улам жыл башынан бери “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан казынага 15 миллион сом түшпөй калган. Эркин экономикалык аймактын директорунун орун басары Бахтияр Салиевдин айтымында, аймактагы ишканалардан алынчу салык кызыкчылыкты азайтып, көп ишканалар жабылууга дуушар болгон.(BD)

XS
SM
MD
LG