Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин жетекчиси Иран атомдук программасына байланыштуу түшүндүрмө бере алган жок деп билдирди. Мохамед Эл Барадеи Париждеги пресс-конференцияда маалымдагандай, Тегеран акыркы айларда агенттик менен кызматташтыгын токтотуп койду. Ошол эле маалда Ирандын уран байытуу центрифугаларын көбөйтпөгөнүн оң жышаан катары бааласа болот, - деп белгиледи Барадеи. Тегеран БУУнун санкцияларына карабай уран байытуу программасынан баш тартпай келатат.