Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

“Манас” аба базасы 40 тоннага чейин күйүүчү майды Чүй облусуна төккөн


Мындай маалыматты өлкөнүн тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бүгүн Жогорку Кеңеште “Ак Жол” фракциясынын жыйынында билдирди. Жыйында министр “Манас” аба базасы Кыргызстандын аймагына киргенден тартып асмандан Чүй облусунун аймагына 20дан 40 тоннага чейин күйүүчү май төккөндүгүн ачыктады. Анын айтымында, 8 жыл ичинде “Манас” аба базасы Чүй өрөөнүнө 12-13 жолу май төккөн жана ушул убакка чейин анын экологиялык зыяндары жана кесепеттери толук эсептелген эмес. Фракциянын лидери Улукбек Ормонов мындай учур Ош облусунда да кездешкенин, бирок бул айтылбай эле калганын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG