Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:16

Коммунисттик фракция АКШ базасын чыгаруу чечимин кубаттоого алды


Бүгүн Жогорку Кеңештин үч фракциясы Манас аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселесин карады. “Ак жол” фракциясы көпчүлүк добуш менен базаны чыгарууну жактады. Ал эми социал-демократтар бир пикирге келе албагандыктан добуш беришкен жок. Коммунисттик фракция болсо базаны чыгарууну кубаттап добушун беришти. Депутаттарга базаны чыгаруу себептери тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берди.(AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG