Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

“Мээрим булагындагы” ачкачылыктын себеби эмнеде?


Түп районундагы “Мээрим булагы” деп аталган менчик балдар үйүнүн кызматкерлери жана мурдагы тарбиялануучулары Жогорку Соттун чечимине нааразылык билдиришип, ачкачылык жарыялашты. Аталган балдар үйүнүн жетекчиси Гүлнара Дегенбаева анын себеп-жөнү тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Гүлнара айым, алгач бул маселенин чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- Мындан бир ай мурун биздин “Мээрим булагы” балдар үйүнө жана жеке мага карата жалаа жабылып, балдарды сатып жиберди, аларды уруп-согот экен деген маалыматтар түшкөн. Андан кийин бүт текшерүүлөр өткөрүлүп, эч кандай фактылар такталбай калгандан кийин 10-февралда бизге Түп райондук прокуратурасы тарабынан “үйүңөргө соттун чечими туура эмес чыгарылыптыр” деп, прокуратура өзү баш болуп сотко кайрадан берди. Экинчиден, 16-февраль күнү балдар үйүнө депутаттык комиссия келген. Комиссиянын арасынан бирөө чогулган балдарга “силер даана үйсүз каласыңар” дегендей сөз айтып, балдар кыйкырып, өкүрүп, ыйлашып, бул жерде стресс болуп, комиссия аларды токтото албай үйдөн чыгып кетишкен.

- Учурда балдар үйүндө канча бала тарбияланууда?

- Азыр 49 бала тарбияланып жатат. Анан 17-февраль күнү Ысык-Ата боюнча да биз аябай соттошуп, 2008-жылдын 14-майында биз сотту утуп алганбыз. Андан кийин 17-февраль, 2009-жылы балдар Ысык-Атадан кайра чыгарылсын деп, Жогорку Соттон чечим чыгып атат. Муну кандай түшүнсө болот...

- “Мээрим булагы” балдар үйүнүн жабылышына, сизди жоопко тартырууга кимдер кызыкдар болуп жатат деп ойлойсуз?

- Депутат Карамушкина, департаменттин директору Бекболотова, Түп районунун прокурорлору, администрациясы жөн гана аткаруучулар болуп атат. Тапшырма бергендер өйдө жакта отурушат. Биздин балдарыбыз ачкачылык жарыялаганын мен эне катары туура эмес көрүп атам, балдарым ачка отурганына мен катуу ойлонуп атам. Бирок бул акыркы кадам болуп атат.

- Канча бала ачкачылык жарыялады. Ошол жерде жашаган балдарбы, же сиздерден тарбияланып чыгып кеткен балдарбы?

- Ушул жерден тарбияланып чыгып кетип, азыр Бишкек, Караколдо окуп, иштеп жаткан балдарыбыз. Азыр ачкачылык жарыялагандар 9-12дей бала болуп атат окшойт.

- Кызматкерлерденчи?

- 11 кызматкерибиз кечээ ачкачылык жарыялаганга кошулду. Мен жетекчи, эне катары буларды такыр токтото албай атам. Биздин жетекчилерибиз ушуларга көңүл буруп, кошоматчылыкты, эки жүздүүлүктү таштап, акыл-эсине келишсе. Балдар деген биздин келечегибиз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG