Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Аликбек Жекшенкуловдун иниси 10 күндөн бери камакта


“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидеринин иниси Таалайбек Медеркулов мурда Балыкчы шаар башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген учурда суу түтүктөр боюнча тендерди туура эмес өткөргөн деген айып менен 9-февралда шаардык тергөө абагына камакка алынган. Аны менен кошо азыркы вице-мэр Сардарбеков жана муниципалдык бөлүм башчы Мамбеталиев дагы камалганы менен алар 4 күндөн кийин бошотулган. Балыкчы шаар кеңешинин төрагасы Жалиповдун айтуусунда, Медеркуловдун ооруканадан жаңы чыкканы жана шаардык кеңештин депутаты экени эске алынбай атат. Иш сотко өткүчө Мелеркуловду убактылуу бошотуу арызы менен 21 депутат тергөө органдарына кайрылганы менен жооп жок. (RB)

XS
SM
MD
LG